Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирдин» 7 мүчөсү кармалды

Turmush -  Ички иштер министрлигинин, Жалал-Абад ОИИБдин жана Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери кылмышка шектүү делген «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун 7 мүчөсүн кармады.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмыш иштин алкагында Жалал-Абад облусунун бир нече тургунунун үйүн тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы экстремисттик адабияттар табылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз жардыруучу заттарды сактоо фактысы ачылды.

1974-жылы туулган Х.А.га тиешелүү «Дэу Лачетти» үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда экстремисттик багыттагы китептер жана баракчалар табылган. Ошондой эле, дагы 5 жарандын үйүндө тинтүүнүн жүрүшүндө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын китептери, аудио жана видео материалдар табылды.

Эң негизги шектүү катары саналган 1985-жылы туулган А.А.нын үйүн текшерүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китептер, баракчалар, флеш-карта, аудио жана видео материалдар бар экени аныкталды. Мындан тышкары, РГД-5 гранатасы, бет кап, кол кап, Жалал-Абад облусунун картасы, өз алдынча жардыруучу заттарды жасоо боюнча нускама (инструкция) алынды.

Аталган фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-2-беренесинин (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайлап колдонуу) жана 241-беренесинин (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) негизинде кылмыш иш козголду.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1347
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×