Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Нарын

Адистерден кеп-кеңеш: Нарындык косметолог А.Шапакова кышында беттин терисине кандай кам көрүү керектигин айтып берди (фото)

Turmush -  Өзгөчө Нарында кыш мезгилинде беттин териси стресске кабылат. Абанын температурасы төмөн болуп, организмдеги нымдуулук азайып, жыйынтыгында беттин териси кургап, эрте бырыш түшүүгө алып келет. Нарын шаарындагы косметолог Анара Шапакова кыш мезгилинде беттин терисине кандай кам көрүү керектигин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Азыр күн сууктагандыгына байланыштуу бетибизге кам көрүшүбүз керек. Өзгөчө Нарын жергесинде катуу суук болот эмеспи. Негизи эле кыш мезгилинде организмдин нымдуулугу азайып, тери кургак болуп, бетибиздин эрте бырыш түшүүсүнө алып келет. Көпчүлүгүбүз сыртка чыгарда бет майды сүйкөп коюп кете беребиз. Бул албетте туура эмес. Алгач сыртка чыгарда жарым саат мурун күндүзгү бет майды сүйкөп, бетибизге сиңдирип, андан кийин терини агартуучу бет майларды (тональный крем) колдонуу керек. Териге сиңген бет май жүзүбүзгө болгон биринчи кам көрүүбүз болот. Мындан тышкары шабдалы, өрүк, тикен майларын жүзүбүзгө сүйкөп туруубуз зарыл. Анткени теринин кургап кетпөөсүнө жардам берет. Ошондой эле жүзүбүзгө жумасына 2 жолу маска коюп турсак, терибизди азыктандырып турат», - деди А.Шапакова.

Майлуу терилер үчүн маска:

- 1 чай кашык петрушканын согу;
- 1 чай кашык жылуу суу;
- 1 чай кашык сулуу уну;
- 3-4 тамчы лимондун согу.

Кургак терилер үчүн маска:
- 1 чай кашык быштак же сүт;
- 1 чай кашык петрушканын согу;
- Бир аз банан.

Бул азыктардын баарын аралаштырып, андан соң бетке жаап, 10-15 мүнөт коюп, жылуу суу менен жууйбуз. Албетте маска жабардын алдында теридеги клеткалар ачылыш үчүн скраб менен тазалап, бетибизди укалап алабыз.

«Банандагы Е витамини, сулуунун уну беттеги майды өзүнө тартса, ал эми петрушка согу бетти жумшартып жана азыктандырат», - деди косметолог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1237
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×