Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Жалал-Абад

Ноокенде таштандыларды жыйноого, ташып кетүүгө арналган маалыматтык кампания өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Ноокен районунун Арал айыл аймагында турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноого жана ташып кетүүгө арналган маалыматтык кампания өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Таза айыл — таза мамлекет» аталышындагы саамалык ушул жылдын сентябрь айынан ноябрь айына чейин Ноокен районунун Арал айыл өкмөтү, №6 Арал орто мектеби тарабынан өткөрүлүп келген.

Маалыматтык кампаниянын максаты — турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноо жана ташып кетүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары таштандылардын зыяны жөнүндө маалымат алышып, экологияны сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүштү. Айыл башчылары тарабынан тургундарга таштандыларды жыйноо боюнча тапшырмалар берилип, аталган маселе талкууланган тегерек стол өткөрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1366
Көп окулду
×