Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — Париж, Берлин, Гамбург шаарлары кара-көлдүк сүрөтчү Улан Шеркуловдун көзү менен

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 25 жаштагы тургуну, клипмейкер жана сүрөтчү Улан Шеркулов Франциянын Париж, Германиянын Берлин жана Гамбург шаарларын кыдырып, саякаттоодогу көз ирмемдерин сүрөткө түшүрдү. У.Шеркулов бул саякаттоо ага жаңы дем-күч, жагымдуу сезим тартуулаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Анын айтымында, ал бала кезинде кинодон, түстүү журналдардан гана көргөн Эйфель мунарасын көрүп, таасирленип келген.

«Эйфель мунарасынын айланасында негрлер соода-сатык менен алектенип, туристтерге азем белек сатышат экен. Эйфель мунарасынын башына чыгып, бийиктен Париж шаарын көрдүм. Ал үчүн 2,5 саат кезек күтүп, кирүүгө 25 евро төлөдүм. Мунаранын ичинен ар кандай дүкөндөрдү да көрүүгө болот экен. Бирок мунаранын айланасында тазалыкты көрө алган жокмун. Мен элестеткен Париж шаары кыялымдагыдан да башкача экен.

Париж чындыгында эле романтика менен гармониянын шаары. Андагы бири-бирине жакын жайгашкан көчөлөр, ирети менен курулган турак жайлар, имараттардын көрктүүлүгү жагымдуу маанайды жаратты. Күн бүркөк болуп турса да элдин маанайы жакшы, шаарда кыймыл аз, жергиликтүүлөрдүн кийинүү маданияты өзгөчө, унаа тыгыны жок экени байкалды. Француздар көбүнчө мотоцикл, шайтан араба менен жүрүшөт экен. Көчөдө жергиликтүүлөргө кайрылсам жылмайып, токтоо жооп берип жатышты. Мындан улам аларды маданияттуу жана тамашакөй калк катары кабыл алдым.

Ал эми Германиянын Берлин шаары Парижден айырмаланып, курулган имараттары менен сүрдүү көрүнөт экен. Буга дүйнөлүк согуштан кийин имараттардын сакталып калганы таасир береби деп ойлодум. Айтор, бир көргөн адамга сүрдүү элес калтырат экен. Мисалы согуш учурундагы күйгөн имараттар дагы эле тарыхтын эскермеси катары сакталып калыптыр. Немис эли дагы дайыма шайтан араба менен жүрүшөт экен. Шаар ичинде унаа тыгынын жана унаанын түтүнүнөн бозоргон абаны көргөн жокмун. Берлинден эмнегедир боордош түрк элин көп кездештирдим.

Мындан тышкары, Гамбург шаарында болуп кайттым. Ал Германияда Берлинден кийинки экинчи шаар экен. Гамбург шаары башкы деңиз жана дарыя порту, ири кемелери менен эсте калды. Ошондой эле, шаардын түндүк бөлүгүндө жайгашкан «Плантен унд блумен» сейил багы өзгөчө таасир калтырды», - деди кара-көлдүк сүрөтчү У.Шеркулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×