Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 07.12.2017 12:44

Базар-коргондук ардагер Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 4 окуучусуна стипендия тапшырды (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинде мыкты окуган 4 окуучуга стипендия тапшырылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, стипендияны ушул мектепти 60 жыл мурда бүтүргөн ардагер Акимбек Нуралиев Нуралиевич өзүнүн атынан тапшырды.

А.Нуралиев райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы катары мектепте өткөн иш-чараларга катышып, мугалимдерге жана окуучуларга акыл-насааттарын айтып турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×