Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо ыймандуулукту эске салган иш-чара өттү

Turmush -  Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл өкмөтүнө караштуу Бейше атындагы №3 орто мектепте «Улуттук маданият, адеп, ыйман жараяны – жарандарды тарбиялоонун көөнөргүс булагы» аттуу семинар уюштурулду. Бул тууралуу акимдин орун басары Г.Султангазиева 7-декабрда билдирди.

Райондук мамлекеттик администрация жана райондук билим берүү бөлүмү уюштурган семинарга мектеп директорлору, алардын тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, тарых мугалимдери, коомдук активисттер, бардыгы болуп 70тен ашык адам катышты.

Андагы баяндамаларды мектептин тарых мугалимдери жасады. Мектепте ачык сабактар жана класстык сааттар өткөрүлүп, семинардын катышуучуларына кыргыз элинин тарыхый адамдарын эскерүү кечеси тартууланды.

«Тарыхтын актай барактары» аттуу фото стенд көргөзмөгө коюлуп, окуучулар театр-форумдун сахнасында күн тартибине коюлган маселеге байланыштуу оюн-зоокторду көрсөтүштү. Семинарга келгендер мектептин музейиндеги экспонаттарды да көрүп чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 260
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×