Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта окуучуну өлтүрө сүзүп, экинчисин жарадар кылган «Ниванын» айдоочусу кармалды

Turmush -  Сузак районунун Кара-Чолок айылында окуучуларды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Авазбек Досов билдирди.

Анын айтымында, 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү Жалал-Абад—Казарман унаа жолунун 34-чакырымында болжол менен Кара-Чолок айылында жол жээгинде турган окуучу балдарды «Нива» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Окуя болгон жерде 9-класстын окуучусу каза болуп, экинчи бала денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Аталган кылмышка шектүү делип 5-декабрда Сузак районунун Таран-Базар айылынын 1980-жылы туулган Б.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылында унаа кырсыктан улам 9-класстын окуучусу каза болгондугу маалымдалган. Анда Айылдагы Ысмаил атындагы орто мектебинин 9-классынын 5 окуучусу жол четинде турган учурда Казарман тараптан келе жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, аларды коюп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 9-класстын окуучусу Барсбек каза болуп, 9-класстын дагы бир окуучусу Амандын оң буту сынып, ооруканага жаткырылган. Калган окуучулар - Ариел, Сыймык, Марсел унаадан качууга үлгүрүп, аман калышкан.

Ооруканага түшкөн окуучунун апасы Аида Бекташованын айтымында, уулу достору чакырып жатканын айтып, саат 20:00дөр чамасында жолго чыгып кеткен. Саат 20:30дарда аларга уулу кырсыктагандыгын телефондон маалымдашкан. Алар жолго чыгышканда уулу ооруканага жөнөтүлгөнү маалым болгон.

«Октябрь аймактык ооруканада түнкү саат 03:00дөн саат 05:00гө чейин операция жасалган. Баламдын абалы жакшы, унаа бизди көздөй келгенин билем, калганы эсимде жок деп айтып жатат. Эсине келгенде досторун сурап жатат», - дейт апасы

Ал эми Октябрь аймактык оорукананын травматологу Өмүрзак Бороновдун айтымында, Амантурдун мээси чайкалган. Оң балтырынын сөөгү сынган, ички органдары жабыркаган.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кылмышка шектүү жаран унаасын үйүнө алып барып бекитип, өзү качып кеткендигин жана аны кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдаган.

«Ал өзү жашаган үйүнө автоунааны алып барып бекитип, өзү качып кеткен. Унаага кароо жүргүзүлүп, жол-транспорт кырсыгы жасагандыгы далилденип, тергөөчү тарабынан акты түзүлүп, унаа токтотуучу жайга киргизилген. Учурда шектүүнү кармоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 812
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×