Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда 8-класстын окуучусу мектептен чыккандан кийин өз жанын кыйды

Turmush -  Майлуу-Суу шаарындагы №5 орто мектебинин 8-классынын окуучусу С.Д. уулу асынып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургандар билдиришти.

Алардын тастыктоолоруна караганда, бала 5-декабрь күнү мектепке барып, сабагына толук катышкан.

«Сабактан кийин спорт залга да барчу. Бирок ал күнү спорт залга да, үйүнө да барган эмес. Мектепке кеткен бойдон келбей калган уулун ата-энеси, туугандары издей башташкан. Алар 6-декабрда чоң атасынын үйүнүн жанындагы түтүккө асынып турган жансыз денесин табышкан», - деди тургундар.

Жашоочулар белгилегендей, баланын чоң атасынын үйүндө эч ким жашачу эмес.

Ал эми ОИИБден алынган маалыматка караганда, окуучунун ата-энеси уулун соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышкан.

«Ата-эне баласын түндөн тарта издей баштаган. Атасы бир тууган инисине телефон аркылуу байланышканда ал бала үйүнө келбегенин айткан. Эртеси эртең менен мектептен сураштырышканда мугалимдер сабакка келбегенин билдиришкен. Туугандары баланы издеп башташкан. Баланын атасынын бир тууган иниси атасынын үйүнө издеп барып, инисинин газ түтүктө асынып турган абалда көргөн. Жибин чечип, милицияга кабар берген», - деп билдиришти ОИИБден.

Окуучу үч бир туугандын улуусу болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4162
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×