Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тагдыр: Кара-көлдүк эне 2 жаштагы уулунун көзүнө Түркиядан операция жасатуу үчүн каражат чогултууда (фото)

Turmush -  Тубаса көз оорусу менен төрөлгөн Кара-Көл шаарынын 2 жаштагы тургуну Муслим Абдыкадыров жардамга муктаж.

Анын апасы Эльнура Абдылдаеванын айтымында, Муслимге тез арада операция жасатуу керек. Операция Түркияда гана жасалат жана ага 5 миң доллар керектелет.

«Балам төрөлгөндөн баштап эле Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна, Ош облустук ооруканага, Кочкор-Ата шаарына кайра-кайра барып, көрүнүп жатабыз. Дарыгерлер уулумдун көзүнүн кан басымын түшүрүүчү дарыларды жазып беришти. Аларды дайыма көзүнө өз убагында тамызып турдум. Март айында Жалал-Абадга түркиялык профессор Мехмед Чахмак келгенин угуп бардык. Ал уулумду текшерип, мурунку берип жаткан дарылар жардам бербегенин айтып жана башка 3 дары жазып берди. Ал дарылар кымбат, бир айга жетпейт. Күн сайын 3 жолу уулумдун көзүнө тамчылаттым. Түркиялык дарыгер Жалал-Абадга келип-кетип турат экен. Ага дагы 5 айдан кийин бардык. Дарыгер уулумдун көзүнө тез арада операция жасатуу керектигин айтты. Ал эми, Кыргызстанда мындай операция жасалбайт экен. Профессор операция сентябрь айында жасаларын айтып, ар бир көз үчүн 2,5 миң доллар керектигин билдирди. Операция канчалык тез жасалса, ошончолук жакшы болмок. Анткени убакыт өткөн сайын баламдын көөрүсү начарлап жатат», - деди ал.

Буга чейин Муслимге ушул жылдын 13-июлунда жүрөгүнө операция жасалган. Ал тубаса жүрөк оорусу менен жабыркаган. Бул операцияга Саламаттыкты сактоо министрлигинен оксигенатор аппараты акысыз берилген.

Жардам берүүнү каалаган адамдар 0770 304705, 0779 170577 номурлары аркылуу байланышса болот. Банктагы эсеби: 1031620201842307

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8231
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×