Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдүн экс-мэри Б.Миңбаевди актоо өкүмү боюнча облустук сотко апелляциялык сунуш жөнөтүлдү

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын мурунку мэри Бекболот Миңбаевге карата Кара-Көл шаардык соту чыгарган чечим боюнча облустук сотко апелляциялык сунуш жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, шаардык соттун 2017-жылдын 9-ноябрындагы өкүмү менен Б.Миңбаевдин жосунунда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту (Алдамчылык), 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 306-беренесинин 1-бөлүмүндө (КРнын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

«Бул өкүмгө ушул жылдын 16-ноябрында Кара-Көл шаарынын прокуратурасы тарабынан апелляциялык сунуш түшүп, аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте кароо үчүн 30-ноябрда жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалым болгондой, экс-мэрдин үстүнөн облустук прокуратура тарабынан козголгон эки кылмыш иш, Жалал-Абад ОИИБ тарабынан козголгон 1 кылмыш иш тергелип, Ноокен райондук сотуна өткөн.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, экс-мэрдин жактоочусу Ноокен райондук соттун үч судьясына ишенбөөчүлүк келтирип, өтүнүч менен кайрылган. Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылып, иш Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлгөн.

«Жактоочунун Ноокен райондук соттун 3 судьясына ишенбөөчүлүк келтиргендиги, бир судья окууга кеткендигине байланыштуу иш шаарга өткөрүлүп берилген», - деп билдирген басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, шаар мэри Бекболот Миңбаевге карата облустук прокуратура тарабынан 2014-жылдын 27-февралында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-мартында прокуратура тарабынан КЖКнын 306-беренесинин 1-бөлүмү, 171-берененин 2-пункту менен кылмыш иш козголуп, сотко жиберилген. 2015-жылы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да мэрдин үстүнөн КЖКнын 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иш козгогон.

Облустук прокуратура тарабынан козголгон иш Жогорку соттон кайрадан райондук сотко келген. Ошондой эле, ички иштер башкармалыгы козгогон иш да сотко өткөрүлүп калгандыктан, эки ишти тең сот бириктирип карап чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 718
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×