Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары 2017-жылдын бюджетин жылдын аягында бекитти (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттары кезектеги жыйынын өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйында жыл башында бекитип берүүчү 2017-жылдын бюджетин жылдын соңку айында карап беришти. Быйылкы жылга карата шаар мэриясы шаар бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүн 312 миллион сомдун айланасында депутаттарга бекитүүгө берип, колдоо тапты. Бул сумманын ичинен 70 миллион 672 миң сому атайын төлөмдөрдөн түшүүчү каражаттар болсо, республикалык бюджеттен келүүчү трансферлер өлчөмү 7 миллион 163,5 миң сомду түзөт. Мындагы каражаттын 16 млн 300 миң сому билим берүү тармагына, маданиятка 21 млн 600 миң сом, шаар куруу жана өз абалында кармоого 84 млн сом, Аскер комиссариатына 2 млн сом болуп, ушул сыяктуу ар бир тармактарга бөлүнүп берилди.

Мында «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгына Бүткүл дүйнөлүк банктан алган насыяны кайтаруу үчүн 9,5 миллион сом каралды. Бирок «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Шайырбек Ташиев аталган башкармалык өзүн-өзү каржылоого өткөнүн, насыяны да кайтаруу мекеменин мойнунда жүктөө керектигин, болбосо мэриянын карамагына кошуу зарылдыгын айтып чыкты.

Ал эми «Жалал-Абадсууканал» башкармалыгынын жетекчиси А.Мусаевдин айтымында, шаарда 20 миң абонент бар. Насыяны мекеме өзү кайтара турган болсо анда депутаттар абоненттик төлөмдөрдү көбөйтүп бекитип бериши керек. Азыркы төлөмдөр насыяны кайтарууга жетпейт. Бул мекеменин абалы талкууланган соң депутаттардан түзүлгөн топ башкармалыктын ишмердигин карап чыга турган болушту. Сессиянын күн тартибинде эки айдан бери үстөк акы ала албай жатышкан кызматкерлердин маселеси каралды. Анда, эмгек акысына кошумча үстөк акы кошуу боюнча депутаттар чечим кабыл алышты.

Маалым болгондой, Эсептөө палатасынын келген текшерүүчүлөр жергиликтүү бюджеттен берилип келген каражат негизсиз деп табынып, 400 кызматкер үстөк акыларын ала албай калышкан. Натыйжада Жалал-Абад шаарындагы жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери 8-9 миң сомдон алып келген маяналары кыскарып, 2 миң сомдон колго алып калышкандыктан, нааразычылык билдирип чыгууга мажбур болушкан. Депутаттар 2 миң сом менен үй-бүлө багуу мүмкүн эмес деп баса белгилешти. Шаардык кеңештин депутаты Майрамбек Адылбеков: «Депутаттар саясий чечим кабыл алышты. Көчө шыпырган, шаарды көрктөндүрүп жаткан кызматкерлерибизди колдоо үчүн ушул кадамга бардык. Өз убагында жумуштарына чыксын, маяналарын алсын. Өкмөттүн кемчилиги болду», - деп билдирди.

Шар мэри Салайдин Авазов өкмөт менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маянага өзгөртүү киргизүү боюнча аракеттер оң тарапка чечилип жатканын белгиледи. Ошентип шаар бюджети да бекилди.

Эске салсак, шаардык кеңештин 2016-жылдын 11-декабрында шайланган жетинчи чакырылышынын курамы депутаттык фракциялардын өз ара саясий пикир келишпестиктеринен улам тарап кетип, кийинки сегизинчи чакырылышынын алты депутаттык фракциядан турган курамы 2017-жылы май айында шайланган. Ал эми быйылкы жылдын ноябрь айында шаардык кеңеште төрт фракциянын биригиши менен «Ийгилик» аттуу көпчүлүк коалициясы түзүлүп, шаардык кеңеш ишин баштаган.

Тема боюнча:

28.05.2017Жалал-Абад шаардык кеңешке парламенттеги мурунку депутат менен облус башчысынын бир туугандары, ишкерлер жана мэр талапкер (тизме)
06.06.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 8-чакырылышындагы депутаттардын жаңы курамы (тизме)
19.06.2017Жалал-Абад шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды (фото)
23.06.2017Жалал-Абад шаардык кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары төраганы шайлай алышкан жок (фото)
09.11.2017Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды (фото, өмүр баяны)
26.10.2017Видео - Жалал-Абад шаардык кеңеште жаңы коалиция түзүлүп, 2 партия оппозицияда калды
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×