Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондогу мектепте эрте турмушка чыгып, каза болгон жаш келиндин тагдыры талкууланды

Turmush -  Базар-Коргон районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте кечээ, 5-декабрда «Зомбулукука каршы 16 күн» аттуу акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мектептеги театр-форумдун жаш актерлору өздөрү даярдаган «Эрте кыйылган жоогазын» аттуу атайын сценканы көрсөтүштү. Бул иш-чарага Акман айыл аймагынын жашоочулары, аялдар кеңешинин, коомдук тартип сакчыларынын, райондук аялдарды коргоо борборунун өкүлдөрү жана айылдык дарыгерлер катышып, анда чагылдырылган он беш жаштагы Айназиктин тагдырын талкалаган көрүнүштү талкуулашты.

Анда жалгыз бой эне балдарын кыйынчылык менен чоңойткону менен балакатка жете элек кызын бир топ жаш улуу жигитке акчанын айынан сатып жибергени чагылдырылды. Кыз энесинин айтканы менен болуп, баарына баш ийип, жашап калган. Бирок, анын ден соолугуна эч ким көңүл бурган эмес. Акырында организми да жетиле элек кыз, төрөттөн каза болгон. Мындай жагдайды ким жаратты, Айназикти сактап калса болот беле жана ушул өңдүү маселелерди кантип чечсе болот? деген суроолор талкуунун өзөгүн түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×