Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолунда тайгаланган «Ниссан» унаасы «Тойота Авенсисти» сүздү

Turmush -  Кара-Көл шаарында жол кырсыгы катталды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 5-декабрда саат 18:40тар чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 406-чакырымындагы Кара-Жыгач тилкесинде катталган. Анда «Ниссан» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 01 KG 641 АСА) жеңил унаа жолдон тайгаланып, «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру D43-45АА) жеңил унааны сүзгөн.

Окуя болгон жерге ӨКМдин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жардам беришкен. Жол кырсыгынан жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1289
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×