Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Марихуана менен кармалган Токтогулдун тургуну 12 жылга камалды

Turmush -  Жалал-Абад облустук соту үйүнөн 13 килограмм 565 грамм марихуана табылган Токтогул шаарынын тургуну Р.Т.К.ны мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Ички иштер министрлигинин баңги затка каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Р.Т.К.нын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда тинтүү жүргүзүп, өзгөчө ири өлчөмдөгү — 13 килогарамм 565 грамм марихуана табылып алынган. Р.Т.К.га бул кылмыш боюнча айыбы угузулуп, иш Токтогул райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.

Токтогул райондук сотунун 2017-жылдын 28-сентябрындагы өкүмү менен Р.Т.К. Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүмүнүн (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Белгиленген жаза шарттуу деп эсепетелинип, ага 3 жыл сыноо мөөнөтү берилген. Ал аталган өкүмгө макул эместигин билдирип, Токтогул райондук прокуратурасынын апеллциялык сунушу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

Облустук сот 2017-жылдын 24-ноябрда ишти апеллциялык тартипте карап, Токтогул райондук прокуратурасынын сунушун канааттандырып, Токтогул райондук сотунун 2017-жылдын 28-сентябрындагы өкүмүн өзгөрттү. Облустук сот Р.Т.К.ны Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктунун (Баңги каражаттарын башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын күчөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1162
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×