Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй ата психиатриялык ооруканага жөнөтүлдү

Turmush -  Сузак районунда 1,5 жаштагы Раянаны мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган өгөй ата Кызыл-Жар шаарчасындагы республикалык психиатриялык ооруканасына күчөтүлгөн тартипте дарылануу үчүн жөнөтүлдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кызыл-Жар шаарчасында республикалык психиатриялык ооруканасы тарабынан жүргүзүлгөн комиссиялык соттук-психиатриялык экспертизанын 2017-жылдын 25-августундагы актысына ылайык, соттолуучу А.У.Т. кылмыш жасоо учурунда өзүнүн аракеттерине жооп берип, аларды башкара алган, учурда акылы соо эмес, психикалык абалы боюнча ал психиатриялык ооруканада күчөтүлгөн режимде байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга муктаж экени көрсөтүлгөн.

Иш боюнча Сузак райондук соту 2017-жылдын 17-октябрында токтом кабыл алып, токтом боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» жана «Адам өлтүрүү» беренелери менен айыпталган А.У.Т.нын кылмыш иши, ал сакайганга чейин токтотула турулду. А.У.Т.га карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуп, Кызыл-Жар шаарчасындагы республикалык психиатриялык ооруканасына күчөтүлгөн тартипте байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга жайгаштырылды.

Соттолуучунун бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта бойдон калтырылып, ооруканага жеткирилгенден кийин дарылоо аяктаганга чейин бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп оорукананын шартындагы режимге өткөрүлүүсү көрсөтүлгөн.

Бул токтомго макул болбой соттолуучу А.У.Т.нын мыйзамдуу өкүлү апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, бул Жалал-Абад облустук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Бирок, соттолуучу А.У.Т.нын мыйзамдуу өкүлү облустук сотко арыз менен кайрылып, Сузак райондук сотунун токтомуна карата берген апелляциялык даттануусунан баш тартарын көрсөтүп, даттанууну кароосуз кайтарууну сурагандыктан, Жалал-Абад облустук соту 2017-жылдын 28-ноябрындагы аныктамасы менен соттолуучунун мыйзамдуу өкүлүнүн даттануусун кароосуз кайтарды.

Буга чейин маалымдалгандай, Сузак районунда 1,5 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн өгөй атанын кылмышы 2015-жылдын сентябрь айында ачылган. Районго караштуу тоо тараптагы айылдардын биринде 2013-жылдын март айында 2011-жылдын күз мезгилинде төрөлүп, 1,5 жашка толуп калган Раяна аттуу кыз өгөй атасынын запкысынан каза болгон. Бирок, туугандары менен кошуналарына Раянанын ооруп каза болгондугу айтылган. Өткөн жылдын 11-сентябрында ал наристеге эксгумация жүргүзүлгөн. Наристенин өлүмүнө шектүү катары кармалган өгөй ата мазарда коюлган наристенин жайын милиция кызматкерлерине көрсөтүп берген.

Кылмышка шектүү наристени ичкиликтин айынан өлтүргөнүн айткан.

«Алмагүл (наристенин апасы) менен 2-3 жолу сүйлөшүп көрүп эле турмуш курганбыз. Ал биринчи турмушундагы бир кызын кошо ала келген. Жашап жүргөнбүз, мен айылда шыбак шыбап акча тапчумун. Бир күнү үйгө келсем кызыбыз төшөккө сийип коюптур, жубайым «бул өлбөдү, өлүп калса жакшы болот эле» деп сүйлөнүп жатыптыр. Мага «кызды коркутуп коюңузчу» деди. Март айы болчу. Мештин оозун ачып, отко жакындатып кайра тартып алдым. Бирок, чекеси күйүп калды. Ыйлаганын уланта бергенинен печкенин плитасына отургуздум. Шымы синтетика болгондуктан дароо эле ээрип, кыздын жамбашына жабышып калды. Бир аптадай карадык, кыздын күйүк жерлери кетип калды. Бул окуядан он күндөн кийин үйгө келсем кыз дагы шымын булгап коюптур. Ичимдик ичип алган элем, антеннанын ичке зымы менен 5-6 жолу жонуна чаптым, башында жаракаты бар эле канап кетти. Бетин жууп сооротууга аракет кылып, таптакыр басылбай койгондуктан шапалак менен 1-2 жолу чаап жибердим. Бир аздан кийин өзүн жоготуп, 15-20 мүнөттөн кийин колдору шалактап, денелери муздап баштады», - деп жооп берген.

Тема боюнча:

14.09.2015Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өгөй атасы отко өрттөп өлтүрүп, апасынын макулдугу менен жашыруун көмгөн
04.11.2015Сузакта өгөй атасы өлтүргөн 1,5 жаштагы Раянанын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүүдө, - РИИБ
06.01.2016Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атанын иши сотто каралууда, ал эми апасына издөө жарыяланды
21.04.2016Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атага психиатриялык экспертиза дайындалды
20.09.2016Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атаны психиатриялык дарыланууга жөнөткөн токтом бузулду
05.06.2017Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй ата убактылуу кармоочу жайга которулуп, иш кайра каралат
19.07.2017Сузакта 1,5 жаштагы Раянаны өлтүргөн өгөй атанын ишин кароо убактылуу токтотулду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4635
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×