Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдөгү мектеп, бала бакчалардагы тамак-аштардын сапатында кемчиликтер бар, - депутаттар

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларында берилип жаткан тамак-аштардын сапатында кемчиликтер бар. Бул тууралуу 29-ноябрда өткөн шаардык кеңештин сессиясында айтылды.

Эл өкүлдөрү аталган маселе боюнча депутаттар атайын убактылуу комиссия түзүп, мектептерди жана балдар бакчаларын текшерип чыгышкандан кийин сессияда айтылган кемчиликтерди жоюуга дагы бир ай мөөнөт берилерин билдиришти.

Мындан сырткары, сессияда шаардын кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча маселе каралды. Шаардагы жылуулук тармагындагында чириген түтүкчөлөрдү алмаштыруу боюнча Коммуналдык ишканалар комбинатынын жана Токтогул ГЭСтер Каскадынын Жылуулук бөлүмүнүн башчылары эл өкүлдөрүнүн суроолоруна канааттандырарлык жооп бере алышкан жок. Андыктан депутаттар Токтогул ГЭСтер Каскадынын директору А.Кушубаков мындан аркы сессияларга катышып, тиешелүү маселелерге өзү келип жооп берүүсүн талап кылышты. Депутаттар ал буга чейин үч жолу расмий телефонограмма менен сессияга чакырылгандыгына карабай, кол алдындагы кызматкерлерин жөнөтүп, өзү келбей, жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгына наразычылыктарын билдиришип, анын үстүнөн «Электростанция» ААКга кат жөнөтүүнү сунушташты.

Ошондой эле күн тартибинде Жазы-Кечүү, Кетмен-Төбө айылдарындагы таза суу түтүктөрүнүн абалын текшерүү жана оңдоп, таза суу чыгаруу, Жазы -Кечүү айылындагы спорт залды бүтөрүү маселелери боюнча мурунку түзүлгөн убактылуу комиссиянын мөнөтүн узартуу боюнча маселелери каралды. Сессияга 23 депутат катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 614
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×