Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузактын тургунун өлтүрө сүзүп, качып кеткен 27 жаштагы айдоочу кармалды

Turmush -  Сузак районунда 41 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-декабрда саат 18:30дар чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 38-чакырымында катталган. Анда белгисиз айдоочу Сузак районунун Таран-Базар айылынын 1976-жылы туулган Д.А.ны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Д.А., алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги, ОИИБдин жана Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам топтору чыгышып, жол кырсыгы болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар, фото-таблицалар түзүлгөн.

«Кылмыш изин суутпай Жалал-Абад ОИИБдин Патрулдук милициясы тарабынан кылмышка шектүү кармалган. Ал Сузак районунун 1990-жылы туулган А.у.М, аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү унаасы менен келе жатып, айыл тургунун сүзүп алган соң, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал Сузак районунун Жерге-Тал айылында кармалган. Кийинчерээк айдоочу мас абалда болгондугу аныкталган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 939
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×