Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айдоочу изделүүдө: Сузакта жол кырсыктан окуучу каза болуп, 1 бала ооруканада жатат (фото, видео)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылында жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага түшкөн 9-класстын окуучусу Болотбек уулу Амандын абалы туруктуу.

Окуучунун апасы Аида Бекташованын айтымында, уулу достору чакырып жатканын айтып, саат 20:00дөр чамасында жолго чыгып кеткен. Саат 20:30дарда аларга уулу кырсыктагандыгын телефондон маалымдашкан. Алар жолго чыгышканда уулу ооруканага жөнөтүлгөнү маалым болгон.

«Октябрь аймактык ооруканада түнкү саат 03:00дөн саат 05:00гө чейин операция жасалган. Баламдын абалы жакшы, унаа бизди көздөй келгенин билем, калганы эсимде жок деп айтып жатат. Эсине келгенде досторун сурап жатат», - дейт апасы.

Ал белгилегендей, каза болгон досу тууралуу ага айтыша элек.

Ал эми Октябрь аймактык оорукананын травматологу Өмүрзак Бороновдун айтымында, Амантурдун баш мээси чайкалган. Оң балтырынын сөөгү сынган, ички органдары жабыркаган.

«Баланын абалы азырынча туруктуу. Наркозу тараса дагы билинет. Эми анын бутуна операция жасалат», - дейт дарыгер.

Буга чейин Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылында 3-декабрда унаа кырсыктан улам 9-класстын окуучусу каза болгондугу маалымдалган. Анда Айылдагы Ысмаил атындагы орто мектебинин 9-классынын 5 окуучусу жол четинде турган учурда Казарман тараптан келе жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, аларды коюп кеткен. Унаанын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 9-класстын окуучусу Барсбек каза болуп, 9-класстын дагы бир окуучусу Амандын оң буту сынып, Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган. Калган окуучулар - Ариел,  Сыймык, Марсел унаадан качууга үлгүрүп, аман калышкан. Бул окуя боюнча милицияга кабар түшүп, алар кылмышка шектүүнү кармоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, тергөө-ыкчам топторунун аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн «Нива» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру ВАЗ-2121) унаасы менен Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 35-чакырымындагы Кара-Чолок айылында жолдун жээгинде турган окуучуларды сүзүп алган соң, окуя болгон жерден качып кеткен.

«Ал өзү жашаган үйүнө автоунааны алып барып бекитип, өзү качып кеткен. Унаага кароо жүргүзүлүп, жол-транспорт кырсыгы жасагандыгы далилденип, тергөөчү тарабынан акты түзүлүп, унаа токтотуучу жайга киргизилген. Учурда шектүүнү кармоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

41

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2270
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×