Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Бишкек—Ош жолундагы 2 объекттин өрттөнүшү: 70% күйүк алган аялдын абалы оор, - дарыгер

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы өрт кырсыктан улам денесинен 70% күйүк алган аялдын абалы оор. Бул тууралуу Б.Рысбеков атындагы Кара-Көл шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директору А.Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда бейтап шок абалдан чыга элек.

«Бизге Төрөбаева Салия 2-декабрь күнү саат 17:00дөр чамасында оор абалда түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ошол күнкү нөөмөттө турган дарыгер Иманкулов, хирургия бөлүмүнүн башчысы Шамырзаев жана хирург-травмотолог Арстанбековдор биригип, бейтапка текшерүү жүргүзүшкөн. Анын денесинин 70%ы күйүп калгандыгы аныкталган. Ошол күнү Ош, Бишкек шаарындагы күйүк борборлорунун комбустиолог дарыгерлери менен байланышып, телефон аркылуу кеңеш алып, учурда дары-дармектерин толук берип жатабыз. Ооруканада бар дарыларды бизден берип, жогун өрттөнгөн дүкөндүн ээси алып келип берүүдө. Күйгөн адамдын бир гана териси күйгөн менен организмдеги бүт органдары жабыркаган. Учурда бейтаптын акыбалы өтө оор. Шок абалдан чыга элек. Келгендеги анализи менен бүгүнкү күндөгү анализдерин салыштырганда кыйла өзгөрүү бар. Ал шок абалдан чыккыча эч жерге жылдырууга болбойт.

Мындай чоң күйүк алгандар атайын бөлүмдө дарыланышы керек. Бизде комбустиолог дарыгерлер жок.Териси терең күйгөн экен. Ал 1-2-3-даражада күйүк алган. Эми бейтапты шок абалдан чыгарып, атайын күйүктөрдү дарылоочу борборлорго жөнөтөбүз. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди А.Рысбеков.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Бишкек—Ош унаа жолунун 396-чакырымындагы Жээн-Кыштоо участкасында жолдун жээгинде жайгашкан дүкөн жана ашкана толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган Төрөбаева Салия жабыр тарткан. Ал денесинен 70% күйүк алып, шаардык ооруканага жеткирилген.

Өрттүн кырсыгы такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1123
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×