Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Сузакта жаш балдарды унаа уруп кетип, 9-класстын окуучусу каза болду

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылындагы унаа кырсыктан 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, айылдагы Ысмаил атындагы орто мектебинин 9-классынын 5 окуучусу жол четинде турган учурда Казарман тараптан келе жаткан «Нива» үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, аларды койдуруп кеткен. Унаанын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 9-класстын окуучусу М.Б. каза болуп, 9-класстын дагы бир окуучусу Б.А. оң буту сынып Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган. Калган окуучулар унаадан качууга үлгүрүп, аман калышкан.

Бул окуя боюнча милицияга кабар түшүп, алар кылмышка шектүү айдоочуну кармашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1166
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×