Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото, видео - Бишкек—Ош жолунда 2 объект өрттөнүп, ашпозчу аял денесинен 70% күйүк алды

Turmush -  Кара-Көл шаарында өрт кырсыгы катталды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 396-чакырымындагы Жээн-Кыштоо участкасында жолдун жээгинде жайгашкан дүкөн жана ашкана толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт кырсыктын кесепетинен 1966-жылы туулган Төрөбаева Салия жабыр тарткан. Ал денесинен 70% күйүк алып, шаардык ооруканага жеткирилген.

Өрттүн кырсыгы такталууда.

Буга чейин кечээ, 2-декабрда Кара-Көл шаарындагы ашканадан өрт чыгып, ашпозчу аял күйүк жаракат алгандыгы маалымдалган. Жолдун жээгиндеги темир контейнерлерден жасалган 3 дүкөн менен ашканадан өрт чыккан. Ашкананын ичиндеги 7 газ баллондун төртөөсү атылып, үчөөсү сыртка чыгарылган. Кырсыктын кескепетинен ашпозчу аял 3-даражадагы термикалык күйүк жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1537
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×