Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда үлпөт тойду сүрөткө тартып жүргөн 24 жаштагы жигит сабалып, 5 адам кармалды (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги мушташуудан кийин 5 адам кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, мушташуунун жыйынтыгында 24 жаштагы сүрөтчү ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган.

Сузак районунун Курманбек баатыр атындагы аркасында Ырыс айыл аймагындагы түгөйлөрдү сүрөткө тартып жүргөн 24 жаштагы С.Т аттуу жигит менен Кара-Дарыя айылынан тойго бара жаткан жигиттердин ортосунда пикир келишпестик орун алып, алар мушташа кетишкен. Мындан улам сүрөтчү жарат алып, оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткан. Окуя орун алгандыгын ОИИБ тастыктады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 2-декабрында тойду сүрөткө тартып, кызмат кылып жүргөн 24 жаштагы С.Т менен башка тойдун катышуучулары ортосунда өз ара пикир келишпестик жаралган. Мындан улам Кара-Дарыя айылынын үйлөнүү тойго чыккан 3-4 күйө жолдош сүрөтчүнү ур-токмокко алышкан.

«Жабырлануучу ооруканага түшкөндөн кийин Сузак РИИБге арыз менен кайрылган. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Арыз боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада Кара-Дарыя айылынын 1992-жылы туулган беш тургуну кармалып, Сузак районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бей баштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, териштирүү жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында тойго бара жаткан күйөө жолдоштордун ортосунда мушташ чыгып, Ноокен районунун 13 тургуну кармалгандыгы да маалымдалган.

Күбөлөрдүн айтымында, 8-ноябрда Жалал-Абад шаарында Т.Сатылганов атындагы сейил бактын алдында тойго чыккан күйөө жолдоштор мушташып, милиция кызматкерлерине баш ийбегендиктен асманга эскертүү иретинде ок атылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2791
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×