Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдөгү ашканадан газ баллондор жарылып, ашпозчу жаракат алды

Turmush -  Кечээ, 2-декабрда Кара-Көл шаарындагы ашканадан өрт чыгып, ашпозчу аял күйүк жаракат алды. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады.

Маалыматка караганда, жолдун жээгиндеги темир контейнерлерден жасалган 3 дүкөн менен ашканадан өрт чыккан. Ашкананын ичиндеги 7 газ баллондун төртөөсү атылып, үчөөсү сыртка чыгарылган. Кырсыктын кескепетинен ашпозчу аял 3-даражадагы термикалык күйүк жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×