Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

«Соолубасын үмүттөр-2017»: Сынакка катышкан майыптар көрүүчүлөрдү таң калтырышты (фото, видео)

Turmush -  Кечээ, 1-декабрда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өтүп жаткан «Соолубасын үмүттөр-2017» сынагынын облустук туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Колдоого муктаж жарандардын арасындагы таланттуу адамдардын өнөрүн элге алып чыгуу, аларга шык берүү, коомчулукка аралашуусуна шарт түзүү багытын көздөгөн саамалыкты өткөрүүнү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү колго алган.

Саамалыкка катышкан ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев дубанда 39 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар экенин, бирок бул жарандардын коомго аралашуусу активдешкенин баса белгиледи.

«Чындыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын акыркы жылдары коомчулукка аралашуусу активдешип калды. Ар кандай саамалыктарга катышып келишет. Бүгүнкү сынакта деле жарандарыбыздын өзгөчө аракеттери байкалып турат. Быйыл коргоого муктаж болгон жарандарыбыз үчүн өкүлчүлүк 100 миң сом бөлүп берди. Андан сырткары жергиликтүү бийлик тараптан да колдоолор болууда. Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомун колдоо үчүн алар чыгарган эмерек, буюмдарды мекеме-ишканалар сатып алышууда. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз жашоо кечирген мекемелерди, жарандарды шефтикке алган мекеме жетекчилери деле өз колдоолорун көрсөтүп келишет. Мындай атуулдарыбызды колдоо, кубаттоо үчүн жүрүп жаткан бир айлыктын алкагында да алгылыктуу кадамдар жүрүүдө», - деди өкүл.

Ошондой эле ал «Асыл-Ай» мүмкүнчүлүгү чектелген коомунун жетекчисине 160 миң сом акча тапшырды. Ал эми бул сынактын облустук туруна жер-жерлерде жеңүүчү болгон жарандар катышып, өздөрүнүн тыгдыры камтылган көркөм ырларды окушуп, бийге шыктуулары бийлеп, элди таң калтырышты. Тактап айтканда майыптыгын билгенден кийин сүйгөн кызы таштап кеткен Бекназар Орозалиев дагы катышып, өз тагдыры баяндалган ырды реп стилинде ырдаса, Улан уулу Муслим менен Өмүрзак уулу Умардын бийи залда олтурган көрүүчүлөрдүн өзгөчө кол чабуусуна арзыды.

Ал эми 5 адамдан турган калыстар тобунун мүчөлөрү 6 номинация боюнча мыктыларды тандап алышты. Саламдашуу номинациясына Сузак районуна келген «Алга» командасы ээ болсо, эпостордон үзүндү айтуу же сахнадан бир көрүнүш номинациясына Ала-Букадан, элдик фольклордук чыгармаларды аткарууда Токтогулдан, бийлөөдөн Ноокенден, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдөн Жалал-Абад шаарынан, эстрадалык жанрда ырдоодон Таш-Көмүр шаарынан келген командалар алышты. Номинациялар боюнча алдыңкы орунга чыккан командаларга 5 миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле, катышуучуларга да акчалай сыйлыктар тапшырылды.

   

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 933
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×