Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Базар-Коргондо медициналык кызматкерлер СПИДге каршы жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага Базар-Коргон районун акиминин орун басары Замира Адышова, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айнагүл Бекташова, тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл аймак башчылары, жаш активисттер катышты. Иш-чара маданият үйүндө өткөрүлүп, Байыш Абдраимов атындагы кесиптик лицейдин окуучулары концерттик программа тартуулашты.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштеген медицина кызматкерлери жөө жүрүш акциясын уюштурушуп, борбордук базар аркылуу райондук маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасашты.

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү жыл сайын 1-декабрда белгиленет. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу бара-бара анын кабылдоосуна алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен улуттар уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 594
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×