Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Аксыда суу чарба башкармалыгынын кызматкерин экскаватор басып калды

Turmush -  Аксы райондук суу чарба башкармалыгынын тракторист-машинист кызматкерин экскаватор басып калып каза болду.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, анын башкаруусундагы экскаватор Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кош-Дөбө менен Мундуз айылын бириктирген жолдо бара жатканда сай тарапка капталдап калган. Айдоочу — 1954-жылы туулган Ж.Н. жерге түшүп, унааны карап жатканда экскаватор оодарылып кеткен. Анын алдында калып оор жаракат алган айдоочу ошол жерде көз жумду.

Азырынча маалым болгондой, экскаватор каналда иштеп жаткан болчу. Объектиде жумуш 2-3 күндөн кийин аяктамак.

Айыл өкмөт бул окуяны тастыктып, милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1299
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×