Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Жалал-Абад

Ноокенде Майыптардын эл аралык күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 1-декабрда Ноокен районунда Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоонун эл аралык күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Райондо 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акция жарыяланган. Анын алкагында Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Жумабек Ниязов көмөкчү жатак-интернат мектебинде иш-чара өттү.

Аталган иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким Э.Маматаев, акимдин орун басары Н.Бекжигитова, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Ташиев жана райондун аймагындагы мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты. Иш-чаранын алкагында мектептин окуучулары концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле, спорттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду. Жыйынтыгында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана мекеме-уюмдардын жетекчилери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык сыйлыктар беришти.

Аталган мектепте 159 окуучу билим алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1479
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×