Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жалал-абаддык окуучу башкарган унаа патрулчулардын унаасын талкалады

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусу башкарып жүргөн унаа ОИИБдин Патрулдук милициясынын кызматтык автоунаасын жарактан чыгарды.

А 10

Сүрөттүн автору: Социалдык түйүндүн колдонуучусу Максим Золотых

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуучу башкарууну жоготуп, унаа милиция кызматкерлеринин унаасын сүзүп токтогон.

Жол-транспорт кырсык 25-ноябрда саат 20:15 чамасында болгон. «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унааны 2004-жылы туулган С.А. башкарып бара жаткан. Аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Патрулдук милициянын кызматтык унаасын сүзүп алган окуучу Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде билим алат. Ал түнү ата-энесинен жашырынып унаасын айдап чыккан. Кызматтык автоунааны сүзүп алган окуучу унаасын таштап, качып кеткен. Маалыматтарга караганда, тергөөнүн жыйынтыгы менен келтирилген материалдык чыгым аныкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5024
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×