Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Кара-Көлдө жаштар жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата окуу жайлар арасында «Биз СПИДге каршыбыз» аттуу акция өткөрүлдү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Бул иш-чарага шаардагы жогорку окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин студенттери жана мектептердин окуучулары катышты. Алар «Биз СПИДге каршыбыз» жазуусу бар плакаттарды көтөрүп, коомчулукту СПИДсиз жашоого үндөгөн ураандар менен көчөлөрдү кыдырып, жөө жүрүш акциясын өткөрүштү.

Иш-чара мэрия жарыялаган СПИДге каршы күрөшүүнүн бир айлык акциясынын алкагында өткөрүлдү. Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев, биринчи вице-мэри Өскөн уулу Калыбай, мэриянын өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 679
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×