Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Ошто 6-класстын окуучусу каза болуп, атасы камакка алынды (толукталды)

Turmush -  Мындан 2 күн мурун — 29-ноябрда Ош шаарындагы С.Шарипов мектебинин 6-классынын окуучусу Файзулла каза болуп, анын өлүмүнө шектүү катары өз атасы камакка алынды. Бүгүн, 1-декабрда каза болгон баланын үй-бүлөсү маалымат жыйын өткөрүп, атасы жалган көрсөтмө менен камакка алынганын айтып чыгышты.

Баланын атасына КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен (ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон. Анын баш коргоо чарасы бүгүн каралат. Баланын ата-энеси наабайчылык менен киреше таап келишкен.

Жактоочу Гүлчөбек Максутов каза болгон окуучунун 13 жаштагы бир тууган эжесин милиция кызматкерлери коркутуп, атасына каршы көрсөтмө жаздырып алышкан деген пикирде.

«Маркум бала мектептен бети-башы көк ала болуп келген экен. Ошол түнү окуучунун денеси муздап, көз жумган. Ал каза болгондон кийин милиция кызматкерлери атасын, апасын, 13 жаштагы эжесин жана агасын Ош ШИИБге алып барып, 10 саат бою ар  бирин өзүнчө суракка алышкан. 13 жаштагы кызды эч кимди катыштырбастан 10 саат суракка алуу — мыйзамсыз. Сурак учурунда жактоочу, мугалим же апасы да жанында болгон эмес. Кызды коркутуп алышкан жалган көрсөтмө менен атасын камашты. Бул боюнча прокуратурага да арыздандык», - деди жактоочу.

Ал эми Марипат Юлдашеванын айтымында, баласынын өлүмүн кылдаттык менен териштирүү зарыл.

«Балам мектептен кечигип, саат 16:00 чамасында келди. Өзү футбол ойноп жүрүп кечигип калганын айткан эле. Кийимдерин алмаштырып чыккандан кийин карасам бети көгөрүп калган экен. Эмне болгонун сурасам футболдо балдар менен урушуп кеткенин айтты, бирок ага маани бербептирбиз. Кечкисин мага үшүп жатканын айтканда атасына айтып, чечиндирип карасак денеси көгөрүп калыптыр. Дароо тез жардам чакырдык, бирок уулубуз каза болуп калды. Андан кийин милиция кызматкерлери бизди алып кетип, кызымды коркутуп көрсөтмө жаздырып алышыптыр. Кайсыл ата-эне баласын 12 жыл багып, өзү өлтүрөт? Милиция бизди күнөөлөп жатат. Акыйкат чечим чыксын. Балам көчөдөн таяк жеп келген, атасынын күнөөсү жок. Атасы балдарын тарбиялоо максатында ооз менен гана тилдечү, урган эмес», - деди М.Юлдашева.

Бүгүнкү жыйынга 13 жаштагы Минавар да катышып, милиция кызматкерлери аны коркутуп, атасына каршы көрсөтмө алганын айтты.

«Мени милициялар "канчык" деп сөгүштү. Атам урбаганын айттым. Атам инимди урчу эмес. Урду деп айттырып алышты», - деди Минавар.

Кийинчерээк бул факты боюнча Ош ШИИБдин басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты.

Анда: «2017-жылдын 29-ноябрында саат 02:00 чамасында Шакиров тар кѳчѳсүндөгү үйдүн жашоочусуна медициналык тез жардам кызматын көрсөтүү үчүн чакырылган дарыгерлер 2005-жылы туулган Ф.Ю. уктоочу бѳлмѳсүндѳ каза болгону тууралуу маалымат берген. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергѳѳ тобу, башкармалыктын жетекчилиги барышкан. Маркум ѳспүрүм ѳзүнүн уктоочу керебетинде жаткан. Ѳлүктү кароо учурунда денесинде кѳптѳгѳн тактар көрүнгөн. Учурда ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза иштеп жатат.

Ошол эле күнү бул үй-бүлѳнү жакшы билген адамдардын "баласына кѳп зомбулук кѳрсѳтчү" деген кѳрсѳтмѳсүнѳ таянып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергѳѳ кызматы тарабынан маркумдун атасы кармалган. Ал КРнын Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Бүгүн күндүн экинчи жарымында шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен козголгон ишти тергѳѳ иштери жүрүп жатат», - деп айтылат.

Милициянын билдирүүсү боюнча маркум баланын атасы буга чейин уурулук боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 18841
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Monik
14:53, 01 декабря 2017
Чужая семья темный лес.
Нет аватара
dr.politik
14:25, 01 декабря 2017
Где справедливость!
Көп окулду
×