Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Экс-министр М.Конгантиев катышкан Ноокендеги түшүм майрамда улуттук оюндардын мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Ноокен районунда кечээ, 30-ноябрда түшүм майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул саамалык айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулуп, анда аксакалдарга, дыйкан-фермерлерге сый тамак тартууланды. Ошондой эле, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон жарандарга, кызматкерлерге ыйгарымдуу өкүлдүн, акимдин ардак грамоталары тапшырылды.

Мындан тышкары, «КРнын айыл чарбасынын мыкты кызматкери» төш белгилери алдыңкы дыйкан-фермерлерге ыйгарылды. Түшүм майрамынын алкагында борбордук стадиондо күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага жалпы 40 миң сом жана бир тай байгеге коюлду. 60 кг салмакта 14, 70 кг салмакта 15, 80 кг салмакта 80, 80 кг жогору салмакта 5 оюнчу катышты. Жыйынтыгында 1-орунду ээлегендерге 5 миң, 2-орун үчүн 3 миң, 3-орундарга 1500 сомдон акчалай сыйлык тапшырышты.

Ал эми 9 айыл өкмөттөн тандалып алынган балбандар арасындагы мелдеште Достук айыл аймагынан келген Казыбек уулу Ирлан баш байгеге коюлган тайды утуп алды. 70 кг салмактагы балбан 9 балбанды жеңип, баш байгеге жеткен. Ошондой эле, улак тартыш боюнча да мелдеш өткөрүлдү.

Түшүм майрамына ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, район акими жана ИИМдин мурунку башчысы Молдомуса Конгантиев катышты. Экс-министр район эли эмгекчил, биримдиктүү эл экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3927
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×