Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Союзбек Абдрасулов Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын директору болду

Turmush -  Союзбек Абдрасулов Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, аталган телерадиокомпаниянын жетекчиси Тургунбай Алдакулов министрликке которулуп жатат. Жаңы жетекчини Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Б.Ноорузбаева тааныштырды.

С.Абдрасулов буга чейин аталган телеканалда техникалык топтун башчысы болуп иштеген.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 861
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×