Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдүн экс-мэри Б.Миңбаевдин иши боюнча сот өкүм чыгарды

Turmush -  Кара-Көл шаардык соту Таш-Көмүр шаарынын экс-мэри Бекболот Миңбаевдин ишин карап, өкүм чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттон маалымдашты.

Маалыматка караганда, чечим 9-ноябрда чыккан.

«Миңбаев Бекболот Бекназаровичтин жосунунда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту, 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту жана 306-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы жок болгондуктан акталсын. Далил боюмдары кылмыш ишинин материалында сакталсын. Бөгөт кою чарасы өзгөртүлбөстөн калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылсын. Өкүмгө наарызы тарап 10 сутка ичинде Кара-Көл шаардык соту аркылуу Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга жана сунуш келтирүүгө укуктуу», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалым болгондой, экс-мэрдин үстүнөн облустук прокуратура тарабынан козголгон эки кылмыш иш, Жалал-Абад ОИИБ тарабынан козголгон 1 кылмыш иш тергелип, Ноокен райондук сотуна өткөн.

Жалал-Абад облустук соттун басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, экс-мэрдин жактоочусу Ноокен райондук соттун үч судьясына ишенбөөчүлүк келтирип, өтүнүч менен кайрылган. Жактоочунун өтүнүчү канааттандырылып, иш Кара-Көл шаардык сотуна өткөрүлгөн.

«Жактоочунун Ноокен райондук соттун 3 судьясына ишенбөөчүлүк келтиргендиги, бир судья окууга кеткендигине байланыштуу иш шаарга өткөрүлүп берилген», - деп билдирген басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, шаар мэри Бекболот Миңбаевге карата облустук прокуратура тарабынан 2014-жылдын 27-февралында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-мартында прокуратура тарабынан КЖКнын 306-беренесинин 1-бөлүмү, 171-берененин 2-пункту менен кылмыш иш козголуп, сотко жиберилген. 2015-жылы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы да мэрдин үстүнөн КЖКнын 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иш козгогон.

Облустук прокуратура тарабынан козголгон иш Жогорку соттон кайрадан райондук сотко келген. Ошондой эле, ички иштер башкармалыгы козгогон иш да сотко өткөрүлүп калгандыктан, эки ишти тең сот бириктирип карап чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 929
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×