Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Максаттарың бийик болбосо ийгиликке жетүү кыйын, - кулатуу боюнча дүйнөнүн чемпиону А.Бекишев (фото)

Turmush -  Бийик максаттарың болбосо ийгиликке жетүү кыйын. Мындай пикирин спорттун грэпплинг, самбо, эрежесиз мушташ түрү боюнча чебер Ариет Бекишев аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Ничке-Суу айылында туулган. Учурда 24 жашта. Ош шаарында инженер-архитектура багыты боюнча магистратура жаатында билим алууда.

Спортчу ушул жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында жиу-житсу боюнча коло байгенин ээси болгон. Мындан тышкары, WEF Global-9 турниринде казакстандык атаандашы Рустам Сайдуллаевди жеңип, аталган турнирдин чемпиону аталган.

«Cпортко болгон кызыгуума бир тууган агам түрткү болду. Анткени ал дагы эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон. Анын ар бир жетишкендиктерин көрүп, спортко болгон кызыгуум күч алды. Мен дагы аны менен машыга баштадым. 18 жашымда алгач Нарын облусунда өткөн эрежесиз эр уруш, эркин күрөш боюнча мелдешке катышып, 1-орунду камсыздадым. Биринчи жеңишим мага чоң стимул болуп, дбашка мелдештерге даярданууга түрткү болду. Кийинчирээк эрежесиз эр уруш, VALE TUDO боюнча 2014-2015-2016-жылдары кулатуу, ММА, жиу житсу, грэпплинг боюнча мелдештерге катышып, биринчи орундарды багындырдым. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Себеби, чемпион болуу менин максатым эле. Эгер спортчунун бийик максаттары болбосо ийгиликке жетүүгө кыйын болот. Жыйынтык көрсөтүү үчүн талыкпай машыгуу жана эмгектенүү керек. Спорттун кыйынчылыктарына руху чың, мүнөзү катуу адамдар чыдайт. Мен дагы тынынымсыз машыгуудан улам Кыргызстандын жана дүйнөнүн чемпиону болууга жетиштим», - дейт А.Бекишев.

Ошондой эле, ал дүйнөлүк мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретүү максаты бар экенин белгиледи.

«Жеңиш мен тарапта болгонжо абдан кубанам. Анткени менин ар бир мелдешимди ата-энем, бир туугандарым жана жоро-жолдошторум, кыргыз элим көрүп турат. Алардын кубанычын көрүү мен үчүн сыймык. Эл аралык мелдештерге чыгаар алдында ата-энемдин айткан насааттарын, өзүм машыккан спорт залымды эстейм. Кыргыз элимдин сыймыгы болууга күчүмдү жумшайм. Эмидүйнөлүк мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретүү максатым бар», - деди ал.

А.Бекишов үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×