Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Жалал-Абад

Ноокенде «Соолубасын үмүттөр — 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ноокен районунда кечээ, 29-ноябрда «Соолубасын үмүттөр — 2017» аттуу облустук сынактын аймактык тандоо туру өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул сынак 3-декабрь — Майыптарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жана Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында уюштурулду. Аймактык тандоо туруна Базар-Коргон району, Ноокен району жана Майлуу-Суу шаарынын өнөрлүү тургундары катышты.

Сынак командалык саламдашуу, кичи же чоң эпостон бир үзүндү көрсөтүү, элдик фольклордук чыгармалар, бий, эркин тема жана эстрадалык чыгармаларды аткаруу менен коштолду.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер, мониторинг жана өнүктүрүү боюнча башкы адиси А.Камбаров жана тийиштүү комиссия мүчөлөрү жана көрүүчүлөр катышты.

Камандалык эсеп боюнча 1-орунду Ноокен району ээлеп, калган командалар да баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле, Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким тарабынан да 1-2-3-даражадагы баалуу белектер командаларга тапшырылды. Облустук турга Ноокен району жолдомо алды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2320
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×