Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Жол кырсыктары болбосун деген тилек менен Таш-Көмүрдө түлөө өткөрүлдү

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун боюнда Таш-Көмүр шаарынын жетекчилери баштаган топтун катышуусунда түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдалды.

Маалыматка караганда, республика боюнча жол кырсыктар көп болуп жатканына байланыштуу түлөө өткөрүүнү демилгелеген шаардыктар элге аманчылык, тынчтык жана жолго кырсыксыз кыймыл каалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын мэринин милдетин аткаруучу Ө.Бабатаев, ШИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Б.Бекмуратов сөз сүйлөштү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында айдоочулар токтотулуп, жол кырсыгы азайсын деген тилекте өткөрүлгөн түлөөдөн даам татышып, жолдо жүрүүнүн эрежелери жазылган баракчалар таратылды. Буга жүргүнчүлөр ыраазы болуп, ак баталарын беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×