Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Мекендештер: А.Акаевден сыйлык алган 22 жаштагы Барчын Москвада элечек кийген кыздардын бий тобун ачты

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Келте айылында өскөн 22 жаштагы Барчын Наралиева Москва шаарында кыргыздардын маданият борборунда эмгектенип жатат. Ал жерде улуттук кийимдерди тигип, көргөзмөлөргө алып чыгат.

Бул кызматынын арты менен мурунку президент Аскар Акаев менен жолугуп, анын колунан сыйлоо баракчасын алганын кошумчалады.

«Узчулук өнөр биздин каныбызда бар. Апам, тай энем, чоң энем баары аялдарга эң керектүү кесиптердин бири болгон чеберчиликти жакшы өздөштүргөн. Аларды көрүп мен да өз алдымча тигүүчүлүк иштерди жасап көрдүм. Ош шаарында жогорку билим алып, аны аяктагандан кийин Россияда бий тобун ачтым. Ага Москвадагы кыргыз кыздар тууралуу жакшы пикирлер аз айтылып калганы себеп болду. Элдин бул оюн өзгөртүү максатында өзүбүздүн нукура баалуулугубузду сактап калгандар да бар экенин көрсөткүм келди. Узун көйнөк кийбей калды дегендерге жооп кылып, улуттук кийимдерди өзүм тигип, башына элечек кийгизип, бийчилеримди сахнага чыгарчумун. Бул аракетим текке кетпей, аз болсо да элдин оюн өзгөртүүгө салым кошо алдым. Ушул сыяктуу жумуштарым менен ал жактагы кыргыздардын маданият борборуна аралашып, туңгуч президент Аскар Акаев менен жолугушууга, аны менен бирге тамактанууга, ал кишинин колунан сый баракчасын алууга жана мактоосун угууга жетиштим», - деди Барчын.

Жаш мекендешибиз көп кырдуу талант. Өзүнүн ачкан бий тобу менен кошо бийлеп, аларга форма тиккенден сырткары жаа атуу боюнча салбурундарга катышып келет.

«Салбурун федерациясынын мүчөлөрү социалдык тармактан “бизге сендей кыздар керек” деп жазышты. Алар менен байланышып, жаа атканды үйрөнүп, фестивалдарга, турнирлерге катышып жүрдүм. Учурда жааны жакшы тартканга жарап калдым. Өзүмө бир жолу жашайм, элиме-жериме пайдам тийишин каалайм деген ураан коюп алгам. Аны ишке ашыруу үчүн ар тараптан ойлонуп, алдыга мындан да жогору пландарды түзүп жатам. Саясат жаатында өлкөнү өнүктүрүүгө күчүм жетпесе да, маданий жактан өнүктүрүүгө салым кошсом дейм», - деп кошумчалады.

Барчын үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусу. Анын 3 сиңдиси, 2 иниси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10135
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×