Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Торо райондук маданият үйүнө акын А.Сыдыковдун бюсту коюлду

Turmush -  Тогуз-Торо райондук маданият үйүнө көзү тирүү кезинде бул мекемени көп жыл башкарган директор, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу Азирет Сыдыковдун бюсту коюлду. Бул тууралуу акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева 28-ноябрда кабарлады.

Анын айтымында, бюст анын балдарынын күчү менен жасалган.

Иш-чарада Азирет Сыдыковдун чыгармачылык ишмердүүлүгү чагылдырылып, маданият үйүнүн кызматкерлери анын мекенчилдикке, эмгекчилдик менен чындыкка үндөгөн «Тогуз-Тором», «Билип кой», «Эңсейм сени», «Аялзат», «Эргиме» жана башка чыгармаларын көркөм окуп беришти. Маданият үйүнүн азыркы директору Мурас Токтосунов менен кызматкери Токтобү Саргулакова А.Сыдыковдун «Секей, Нармат» поэмасынан үзүндүнү аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 608
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×