Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Аксылык жаш ишкер эттүү үндүктөрүн 150 миң сомго баалады (фото)

Turmush -  Кербен шаарынын 27 жаштагы тургуну Курсант Бактыбеков быйыл баккан үндүктөрүн сатуу алдында турат. Ал 60 үндүктү 150 миң сомго балап жатканын айтат.

«Иштесең тиштейсиң деген жакшы сөз бар. Жаш болгондон кийин иштеш керек. Мээнет жерде калбайт экен. Быйыл 70 үндүк багып, анын 60ын сатканы жатам. Ар бири 2500 сомдон болгондуктан, 60 үндүктү 150 миң сомго бааладым», - деди ал.

Анын айтымында, үндүктөр жөжө мезгилинен бери 3 тоннадан ашык жем жеген.

«Үндүк багыш оңой эмес. Жемди аябай көп жешет. Быйыл 3 тоннадан ашык жем бердим. Мындан улам үндүктөрдүн салмагы оор чыгып жатат. Учурда 7-10 кг чейин эт берүүдө. Учурда үндүктү сатып алууну каалагандар көп. Кышкысын суроо-талап көбөйөт», - деди К.Бактыбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×