Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 29.11.2017 10:58

Фото - Ош—Бишкек жолунда Сузактын тургунун өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун Сузак районундагы аймагында 40 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук патрулдук милиция бөлүмүнүн уюштуруу жана үгүт иштери боюнча кызматкери, милициянын капитаны Н.Саркаров билдирди.

Анын айтымында, окуя 27-ноябрдан 28-ноябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Ош—Бишкек жолунун 582-чакырымындагы Сузак районунун Беш-Мойнок айылына жакын жерде катталган. Унаа коюп кеткен жаран ошол жерде каза болгон. Ал Сузак районунун 1978-жылы туулган тургуну Мамытов Рустам Арапбаевич экендиги аныкталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында патрулчулар тарабынан кылмышка шектүү аныкталып, 29-ноябрда түнкү саат 02:30 чамасында Өзгөн районунун Ж.У.К. аттуу тургуну «Хендай-Старекс» үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Z 36-84 В) унаасы менен кармалды», - деди Н.Саркаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×