Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда «Зомбулуксуз 16 күн» акциясынын катышуучулары жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында «Зомбулуксуз 16 күн» акциясы өтүп, катышуучулар жөө жүрүшкө чыгышты.

Мэриядан кабарлашкандай, аялдарды басмырлоонун формаларын жоюу жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо максатындагы акция «Биз үй-бүлөдөгү зомбулукка каршыбыз» урааны менен өттү. Жөө жүрүш Майлуу-Суу лампа заводунан тартып борбордук аянтка чейин уланып, студенттердин, окуучулардын жана аялдар кеңешинин катышуусунда өткөрүлдү. Жүрүш аялдарга карата зомбулуктун көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо экендиги белгиленди.

Вице-мэр Зирехан Батырбекова, аялдар кеңешинин төрайымы Миновар Умарова, шаардын ички иштер бөлүмүнүн лейтенанты Д.Молодобаева үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жөнүндө ой-пикирлерин айтышып, ар биринин үй-бүлөсүндө тынчтык, ынтымак жана бакыт болуусун каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×