Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ош

Элдик уламыш: Эркин-Тоо, Доңуз-Тоо, Кызыл-Тоо айылдарын төрт тарабынан тоолор курчап турат

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү Эркин-Тоо, Доңуз-Тоо, Кызыл-Тоо айылдарынын аталышы ошол аймакта тоолордун көптүгү менен байланыштуу. Бул тууралуу айылда жашаган санжырачы Карыбек Асанбеков айтып берди.

Анын айтымында, Кызыл-Тоо айылын тоолордун мекени деп аташат.

«Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн төрт тарабын тоолор курчап турат. Айылдагы тоолордун түсү кызыл болгондуктан Кызыл-Тоо айылы деп аталып калган. Ал эми Доңуз-Тоо айылы тогуз тоонун урматынан аталган. Анткени бул айылда 9 тоо бар. Мындан улам жергиликтүү тургундар Тогуз-Тоо деп жүрүп, Доңуз-Тоого айланып калган. Ал эми, Эркин-Тоо айылындагы тоолор бири бирине алыс жайгашкан. Эркин жайгашкан тоолор деген мааниде Эркин-Тоо аталып калган деген уламыштар эл арасында ушул күнгө чейин айтылып келет», - деди К.Асанбеков.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө Карчабек, Ак-Кыя, Доңуз-Тоо, Эркин-Тоо, Кызыл-Тоо айылдары кирет. Айыл эли дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Жылпы 3 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп бар. Учурда айыл өкмөттө 1624 кожолук жашайт.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтү:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 906
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×