Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — Сузакта таза бал өндүргөн «Маңыз.КG» ишканасы cапаттуу продукцияны Кытайга чейин экпорттоп жатат

Turmush -  Сузак районунун Таш-Булак айылынын 54 жаштагы тургуну Лутфилла Сайдакпаров СССР убагынан бери бал өндүрүү менен алектенип, «Маңыз.KG» жоопкерчилиги чектелген коомун түзүүгө жетишти.

«Маңыз.KG» ЖЧКсы Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгында 2015-жылдын 4-февралында каттоодон өткөн. Ал аралыкта бал өндүрүү боюнча ар кандай сырларын үйрөнүп, учурда алгылыктуу иш алып барууда. Ишкананын негизги максаты балды даярдоо жана кайра иштетүү болуп саналат. Ага кошо грек жаңгагы, мисте, арахис, каперстер даярдалып, кайра иштетилип, кургатылган жемиштер өндүрүлөт. Ишкана 2016-жылы Кытайдан нукура балды кайра иштетүү боюнча станокторду сатып алган жана Кытайдын ири ишканалары менен нукура балды жеткирип берүүгө келишимдерди түзгөн.

Ал эми, 2017-жылдын январынан баштап балды фасовкалоо үчүн даярдоо иштерин баштаган. Ошентип Орто Азияда биринчи болуп 500 жана 240 граммдык шише банкаларда, 90 граммдык флакон тюбиктерде жана 10 граммдык алюминий термофалга эритме баштыктарда балды фасовкалай баштады. 15 тоннадан ашык нукура балды Кытай ишканалары менен түзүлгөн келишимдер боюнча жөнөтүүгө жетишти.

«Маңыз.KG» ЖЧКсы Сузак районундагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан, объекттердин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана гигиеналык ченемдерге ылайык шайкештиги боюнча уруксат алды. Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан жана бул ведомствонун жергиликтүү бөлүмүнөн коомдун бардык продукцияларына лабораториялык текшерүү жана изилдөөлөр боюнча ветеринардык сертификаттар алынган. «Маңыз.KG» Кыргызстандагы фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарга жетишкен.

«Биздин продукция ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет. Эл аралык шайкештик сертификатынын жардамы менен коомдун продукцияларын европалык базарларда сатууга мүмкүнчүлүк болот. Өз кезегинде ишкананын продукцияларын сатуу жана аларга сертификаттарды алуу үчүн көмөктөшкөн мамлекеттик ведомстволор жана башкармалыктарга ыраазычылык билдиребиз. Учурда ишкана жакшы каражат таап, алар ишкананы кайрадан кеңейтүү үчүн сарпталууда.

Негизинен балдын 2 түрү өндүрүлүп, алар эспарцет жана тоо балы болуп экиге бөлүнөт. Аталган балдар түсүнөн айырмаланат. Бал адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу болгондуктан акыркы жылдары балга болгон суроо-талаптар да өсүүдө. Балды кайра иштеп чыгып, башка өлкөгө сатуу үчүн көп эмгек жана сапаттуулук талап кылынат. Балдын сапатына жараша чет өлкөгө чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бүгүнкү күндө балдын базар баасы 140-250 сомго чейин болууда. Ишканада сезон убагында 30 адамга чейин иштеп, аларга 10 миң сомдон жогору айлык маяна берилип жатты. Учурда 5 адам иштеп, 10 миң сомдон ашык айлык алууда. Бул ишкана балды сатып алып, кайра иштеткендиктен бал сатуучулардан таза балдарды кабыл алат жана атайын даярдалган балдарды сатып алуучуларды издейт. Кыргыз өкмөтү жакындан жардам кылып жатат. Ошондой эле, ICO 22 000 HACCP (сертификаттар) алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө», - деди ишкананын негиздөөчүсү Лутфилла Сайдакпаров.

Ишкер 4 баланын атасы. Балдарынын экөө үй-бүлө куруп, экөө бал өндүрүү менен алек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1482
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×