Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо «Дүйнөм-ыйман, сыймыгым — Кыргызстан!» фестивалы өттү

Turmush -  Тогуз-Торо районунда мүмкүнчулүгү чектелген адамдар үчүн «Дүйнөм-ыйман, сыймыгым-Кыргызстан!» деген фестиваль өткөрүлдү. Фестивалдын курамында болгон сегиз категориялуу мелдешке мүмкүнчүлүгү чектелген 78 адам катышты. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 28-ноябрда кабарлады.

Анын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелгендер кол өнөрчүлүк, спорт оюндары ( гир көтөрүү, кол күрөш, шахмат, шашки ойноо жана штанга түртүү оюндары) боюнча жана чыгармачылык категорияларында өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, өз колдору менен тигип жасаган буюм-тайым, идиштерди көргөзмөгө коюшту. Фестивалдын жыйынтыгы менен сегиз категорияда 1-2-3 орунду ээлегендерге 1500-1000-800 сомдон баш байгелер жана 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми спорт оюндарына активдүү катышкан мүмкүнчүлүгү чектелген 4 кишиге райондук мамлекеттик администрациянын ыраазылык каттары менен бирге 500 сомдон акчалай белек берилди.

Фестиваль быйылкы адеп ыйман маданият жылына арналды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×