Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Карышкыр сезону: Чаткалда 8 жылкы, 2 уйду карышкыр жеп кетти, - айыл башчы

Turmush -  Чаткал районунда малга кол салган карышкырлар көбөйдү. Бул тууралуу Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Нармат Молдалиев билдирди.

Анын айтымында, райондо карышкыр күч алып, жылкыларды дагы жеп кетүүдө.

«Учурда кырышкыр күч алып жатат. Чандалаш айылында койлорду кайтарып жүргөн учурда дагы кол салды. Мындан сырткары башка айылдардан дагы жылкыларды жеп кетүүдө», - деди Н.Молдалиев.

Ал эми Айгыржал айылынын башчысы Капарбек Смаилов: «Акыркы жолу айылда 8 жылкы 2 уйду карышкыр жеп кетти. Жыл сайын күз мезгилинде карышкыр күч алып, элдин малына кол салат. Мындан улам тургундар көп зыян тартууда», - деди.

Тема боюнча:

02.06.2016Карышкыр сезону: Жумгалдык мергенчилер карышкырды өлтүрүп, 4 бөлтүрүгүн тирүүлөй алып келди (фото)
06.06.2016Карышкыр сезону: Ак-талаалык мергенчилер бир күндө 5 карышкыр атты (фото)
09.06.2016Карышкыр сезону: Ак-Сууга мергенчилер 2 карышкыр, 4 чөөнүн терисин алып келишти (фото)
17.01.2017Карышкыр сезону: Жети-Өгүздүн мергенчилери 6 карышкыр, 7 чөө атышты (фото)
23.01.2017Карышкыр сезону: Чаткалда 3 айда 11 карышкыр, 15 чөө аткандар сыйлык алышты (фото)
24.01.2017Карышкыр сезону: Чаткалдыктар ат менен кууп жүрүп, 5 карышкыр кармашты (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 564
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×