Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — С.Жээнбеков ант берген күнү көз жарган 25 жаштагы Гүлнуранын уулун Сооронбай деп аташты

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жатканда Жалал-Абад облусунун Аксы райондук ооруканада жарык дүйнөгө келген ымыркайга Сооронбай деген ысым ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ымыркайдын чоң энеси Фарида Токтоматованын айтымында, анын 25 жаштагы келини Токтосун кызы Гүлнура 24-ноябрда уул небересин жарык дүйнөгө алып келди.

«Элдин баары президенттин ант берүү аземин көрүп, өлкө башчылары алмашып жаткан учурда биздин үй-бүлө наристелүү болду. Уулдан биринчи неберем болду. 24-ноябрда президенттин ант берүү аземин түз эфирден ооруканадан көрүп отурдук. Саат 11:20 чамасында келиним көз жарып, уул неберелүү болдук. Менин неберем да президенттей болуп, эл үчүн кызмат кылган, элдин керегине жараган уулдардан болсун деген ниет менен ага Сооронбай деген ысым ыйгардык», - дейт ал.

Сооронбай 3 кг 150 грамм салмакта төрөлгөн. Өмүрзак менен Гүлнуранын тун баласы. Ал эми Фарида Токтоматова 43 жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келет. Учурда 63 жашта. Анын үч кызы, бир уулу бар.

Буга чейин Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын тургуну Гүлбайра Кунтаева эгиз кыздарынан кийин 3 эмдүү болгондугу жана алардын бирине Сооронбай деген ысым ыйгарылганы маалымдалган.

«Ушул жумада төрөтканадан чыгабыз. Бүгүн 3 эмге туулгандыгы күбөлүк алабыз. Балабыздын бирин Сооронбай деп атадык», - деди 3 эмдин апасы Гүлбайра Кунтаева

33 жаштагы Гүлбайра Кунтаева буга чейин 3 кыздын апасы болчу.

«Буга чейин 3 кызым бар болсо, эми 3 эмдүү болдук. Өтө кубанычтамын. Жолдошум, жалпы туугандарыбыз кубанып отурабыз. Эң улуу кызым Алмира быйыл 4 жашта. Андан кийинки эгиздер — Жазайым менен Нурайым 2,5 жашка толду», - деди 33 жаштагы Г.Кунтаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14223
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×