Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Жалал-Абадда жашылдандыруу департаментинин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин кызматкерлери 2 айдан бери маяналарын толук ала электигине байланыштуу нааразычылык акциясына чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кызматкерлердин ырастоосунда, алар 2 айдан бери маяналарын толук алыша элек. Тактап айтканда, буга чейин мындагы кызматкерлер 9,5 миң сомдон маяна алышчу. Акыркы 2 айдан бери маяналары 2,5 миң сомго түшүп, калган маяналары берилбей жатат.

«2,5 миң сом менен үй-бүлөнү бакмак тургай өзүңдүн жеке башыңа жетпейт. Ушул айда дагы бул маселе чечилген жок», - деп нааразы болушууда.

Нааразычылык акциясына чыгышкан кызматкерлер менен өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолуккандан кийин алар тарап кетишкен.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматовдун айтымында, учурда маяна маселеси чечилип жатат.

«Үстөк акы төлөп берүү октябрь айында токтоп калган. Бул маселе боюнча Салайдин Абдувалиевич да өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизип берүү маселеси менен жүрөт, себеби өзгөртүү киргизүү зарылдыгы жаралууда. Ал оң тарабына чечилсе 4-декабрда шаардык кеңеш бюджетти бекитип берсе, маяна маселеси оң жагына чечилет», - деди ал.

Ал белгилегендей, андан башка дагы мекемелерде да үстөк кошумча акы берүү токтоп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×