Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Денеси кайнак сууга күйүп калган 5 балалуу Б.Ашыровага биринчи операция жасалды

Turmush -  Талма оорусу кармаганда кайнак сууга күйүп калган Кара-Көл шаарынын 40 жаштагы тургуну Бактыгүл Ашыровага жергиликтүү калк чогултуп берген акчага биринчи операция жасалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы Зейнеп Ашырова билдирди.

Анын айтымында, кызына дагы 7 жолу операция жасатуу керек.

«Кызыма биринчи операция ушул жылдын сентябрь айында Бишкектеги ооруканалардын биринде жасалды. Операция бир сааттан ашык убакытка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Аны профессор, дарыгер Мырзабек Матеев жасады. Кызыма 6 айдан кийин экинчи операция жасалат. Мындан тышкары, дарыгерлер дагы 6 операция жасатуу керектигин айтышты. Операция кайнак сууга күйүп жабышып калган эки колуна, колтуктарына, ээгине, муундарына жана сол эмчегине жасалат. Элдин жардамы менен 106 миң сом чогулган. Элге жана профессор М.Матеевге, Татьяна Викторовнага ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Буга чейин маалымдалгандай, кырсык 2016-жылдын 26-сентябрында болгон.

«Кызым 2016-жылдын 26-сентябрында күйүп калган экен. Мага айтышпаптыр. Ошол күнү 2 кызы мектепке кетсе, 2 баласы менен жолдошу эшикте жүргөн. Плитага чайга суу коюп, ошол кезде талма оорусу кармап, кайнап жаткан суу ага төгүлүптүр. Эшикте жүргөн жолдошу кызымдын ары-бери чуркап жатканын жана күйүп калганын көрүп, ооруканага жеткириптир. Мен 27-сентябрда түнкүсүн угуп, кызымды көргөнү келсем абалы өтө оор экен. Буту-башы таңылып, эки колу эки жакты карап, көзү да көрүнбөй, таңылып жаткан экен. Ооруканада 3,5 ай жатты», - деди ал.

З.Ашырова кызы турмушка чыккандан кийин үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан башынан катуу жаракат алып, ошондон улам талма оорусуна кабылганын айтууда.

«Ооруканада жатканда дарыларын өзүбүз сатып алып жаттык. Анын колдору, колтуктары, мойну күйүктөн улам жабышып калган. Операция жасатууга жалпы 180 миң сом керектелет экен. Мэрия 20 миң сом которуп беришти. Калган сумманы чогултуу үчүн кайрымдуу элден жардам сурайбыз. Кызым мурункудай абалына келип калса экен деп тилейм. Жолдошунун туруктуу жумушу жок. Бирок, колунан келген ишти жасап, үй-бүлөсүн бакканга аракет кылып келет. Кызым 10 бала төрөгөн, бирок 5 баласы чарчап калган», - деген З.Ашырова.

Жардамга муктаж Б.Ашыровага каражат чогултуу улантылып жатат. Жардам берүүнү каалагандар апасы З.Ашырова менен 0778 44 21 90 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Банктагы эсеп: 1031620202122593

Банктын идентификациялык коду: 103016

Кардардагы ИНН: 11808197700722

Банктагы ИНН: 02712199110068, «Кыргызстан коммерциялык банкынын» Кара-Көл шаарындагы филиалы.

Алуучунун дареги: 715434, Кара-Көл шаарынын Ленин көчөсү №1 а дереги.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1454
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×