Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Тогуз-Тородо волейболчулар мелдешке түштү

Turmush -  Тогуз-Торо районунда жергиликтүү ишкерлердин көмөгү менен байге фонду 30 миң сом болгон волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева 24-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, спорттук мелдешти «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» коомдук уюм уюштурду.

«Спорт — тынчтыктын жарчысы» урааны менен өткөн бул иш-чарага райондогу орто мектептерден кыздардын 8, балдардын 12 командасы катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө уюштуруучулардын кубоктору менен ээлеген орундарына жараша ар бир командага 3000-2000-1000 сомдон сыйлык ыйгарылды.

1-орун №1 «Макмал» орто мектебинин балдар жана №11 «Саймалуу-Таш» орто мектебинин кыздар командаларына тийди. 2-орунду Э.Касымалиев атындагы орто мектептин балдар, №6 «Бирдик» орто мектебинин кыздар командалары ээледи. Үчүнчү орунга М.Абдыжапаров атындагы №8 орто мектептин балдар жана №1 «Макмал» орто мектебинин кыздар командалары ээ болду», - деди акимдин орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×