Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ноокенде 340 орундуу бала бакча ачылды

Turmush -  Ноокен районунун борбору Масы айылында 23-ноябрда бир бөлүгү кайра курулган «Алтын бешик» балдар бакчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу акимдин орун басары Нурийла Бекжигитова кабарлады.

Анын айтымында, кеңейтилип курулган балдар бакчасынын курулушуна Швейцариянын «Хельветас Свисс Интеркорпорейшн» эл аралык уюму каржы бөлгөн. Бакчанын кызыл тасмасын кесүүгө Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульман Марти жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнура Осмонова, Ноокен районунун акими Эркин Маматаев катышты.

«Балдар бакчасындагы мурдагы алты тайпага кошумча түрдө дагы алты топ иштей баштады. Мурда 170 орундуу болгон бакчага дагы ошончо орун кошулуп, 340 баланы тарбиялоого мүмкүнчүлүк ачылды. Республиканын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бакчага дагы 15 штат берилди», - деди Н.Бекжигитова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 383
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×